Апаке, мени кечир!

11.10.2014 - 21:15 — Гость | |
Ваша оценка: Нет Средняя: 4.1 (23 голосов)

Апакем... Алтыным, менин жаным апакем, асылым апам... Мен сизди сагынам... кайгырам...жада калса дайыма эстей албайм... бирок сиз менин журогумдосуз, сагынып сизди кыйналам... Мен сиз тируунуздо баалай албадым, сыйлай албадым... жылуу мамиле жасап, жакшыраак конул да бурган жокмун.. Сизге калп айттым, сизди алдадым...Сиз кеттиниз бизди таштап, кайрылбастан.. Ал жактан билдиниз чындыкты, анан менден конулунуз калды, мага тушумо да кирбейсиз.... Мен сизди тушумдо да коргонго зар болдум.... Мага сиз, сиздин жылуу создорунуз, ыйык мамилениз,мээриминиз жана камкордугунуз,бырыш баскан алсыз колдорунуздун сылаганы жетишпей келет.... Мени кечириниз.... Сиз баардыгын акылмандык менен, туура жасагансыз, мага эн жакшы тарбия бергенсиз, сизде куноо жок.. Мен баардыгына озум куноолумун.. Кечириниз, алтыным апакем, кечир мени.. Мен сиздин ак эмгегинизди, тарбиянызды актай алган жокмун..... Сиздин акыркы созунуз, тилеген дубаныз -мен болдум, мени бактылуу болсо экен деп тилединиз... Мен бактылуу боло алган жокмун.. кечир мени, апаке, кечир.... Мен сиздин умутунузду актай алган жокмун... Сизге эркелегим келет,жытынызга зар болдум, жылуу созунузду уккум келет... Бирок ...Апа, Апа, кечир мени, апаке. Мен сизди жакшы кором, сагынам... Журогумдо толукталбаган боштук калды...